Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Прокурорлор тыңчылык боюнча шек саналган Уиланды 18 жылга кесүүнү суранышты


Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.
Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.

Орусияда Москва шаардык сотунда прокурорлор камактагы америкалык жаран Пол Уиланды 18 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги анын адвокаты Владимир Жеребенковго шилтеме кылып жазды.

Уилан сотто акыркы сөзүндө кылмыш кылбаганы үчүн судьядан аны актоону сурады.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ага америкалык атайын кызматтардын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

Уилан күнөөсүн мойнуна алган эмес жана «саясаттын курмандыгы болуп калганын» айткан. Ал камакка алынган кезде АКШдагы ишкананын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG