Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Орусиялык жалданма аскерлер Ливиянын согуш жүрүп жаткан аймактарынан кетти


Бенгазидеги Халифа Хафтардын аскерлери.
Бенгазидеги Халифа Хафтардын аскерлери.

Түркиядагы «Anadolu» маалымат агенттиги Ливиядагы өкмөттүк күчтөрдүн башкы штабынын өкүлү Мухаммед Кунунуга шилтеме кылып, согуш болуп жаткан аймактардан 1600дөй орусиялык жалданма аскер чыгып кеткенин жазды. Ага ылайык, Халифа Хафтардын тарабында согушуп жүргөн орусиялык жалданма аскерлер Бени-Валид аэропортунан эки учак менен учуп кетишти жана эми алар мындан ары кайсы жерде жайгашары азырынча белгисиз.

Ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адистери Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу кагылышууларга аралашып жүргөнүн ырастаган. Алардын баяндамасында «Вагнердин жеке менчик компаниясынын» жоокерлери ливиялык генерал Халифа Хафтарга көмөктөшүп жатканы жазылган.

«Вагнер ЧВКсы» президент Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экенин, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө иш алып барып жатканын орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт. Бирок Пригожин да, Кремль да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин ырасташкан эмес.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп жүрөт.

Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой тургандыгы кабарланып келет. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG