Ооганстандын бийлиги эки миңге жакын жоочуну туткундан бошотот деп күтүлүп жаткан чакта өкмөт менен талибдердин ортосундагы атышпоо жөнүндө келишим экинчи күн катары менен сакталууда.
«Талибан» кыймылы Орозо айтка карата 24-майдан тартып үч күн атышпай турганын билдирген. Муну Ооганстандын президенти Ашраф Гани кубаттап, талиб туткундарын бошотуу процесси тездетилерине убада берген.
Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавид Фейсал «Твиттердеги» баракчасына ооган бийлиги «Талибандын» атышууну үч күнгө токтотконуна жооп иретинде 100 туткунду түрмөдөн бошотконун билдирди.
Быйыл февраль айында АКШ жана «Талибандын» өкүлдөрү тынчтык келишимине кол коюшкан. Тараптар талибдер америкалык аскерлерге жана өнөктөштөрүнө кол салууну токтотот, АКШ ал үчүн контингентин чыгарып кетет деп макулдашкан. Документке ылайык, Кабул өкмөтү «Талибандын» беш миң туткунун, ал эми кыймыл миң туткунду бошоткондон кийин оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталмакчы.
Ашраф Гани өкмөт да талибдер менен өлкөдөгү согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.