Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Кыргызстанда доллардын курсу дагы түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу эки айга жакын убакыттын ичинде 10 сомдон ашык төмөндөдү. Улуттук банк 26-майга карата доллардын курсун 73 сом 64 тыйын деп аныктады.

Ал эми жеке менчик банктарда бир доллар 73 сом 80 тыйындан башталып 74 сомго чейин бааланууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган. Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы да көтөрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG