Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Саясий партиялар жөнүндө» жана «Шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, саясий партияларды катташ үчүн мурдагыдай 40 миң эмес, 20 миң мүчө жетиштүү болот. Мындан тышкары документте шайлоого катыша турган партиялардын тизмесинин 30% кем эмес бөлүгүн аялдар менен жаштар түзүшү керек.
Талкуу жараткан бул мыйзам долбоорун казак парламенти 21-майда жактырган. Бийлик өзгөртүүлөр аялдар менен жаштардын коомдук-саясий жараяндарга аралашуусуна өбөлгө түзөрүн билдирүүдө. Активисттер мыйзам парламентке көз каранды эмес талапкерлердин келишине шарт түзбөй турганын айтып, сындап келишкен.
Казакстанда расмий түрдө алты партия каттоодон өткөн. Парламентте үч партиянын өкүлдөрү бар, алар - мурунку президент Нурсултан Назарбаев башкарган «Нур-Отан» партиясы, бийликчил «Ак жол» партиясы жана «Коммунистик элдик партия».
Касым-Жомарт Токаев 25-майда укук коргоочулар менен жарандык коомдун сынына кабылган тынч жыйындарга чогулуу тууралуу мыйзамга да кол койду.