Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:43

Бир суткада коронавирус 35 адамдан табылды, көбү ооруп жаткандар менен байланышкан (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 26-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 25и мурда ооругандар менен контакт болуп, жугузуп алган, жетөө сырттан келген. Калган үчөө каерден жугузуп алганы такталып жатат.

Ал эми аймак боюнча алганда, 35 бейтаптын 12си Бишкекте, сегизи Нарын облусунда. Чүй жана Ош облустарында төрттөн адам. Төртөө Орусиянын аскердик окуу жайларында окуган курсанттар, үчөө Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттары.

Кечээтен бери 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1468 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1015 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG