Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктарды «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча атайын уюштурулган чартердик учагы жеткирди. Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Индияда дарылануу жана башка иштер менен жүрүп, мекенине келе албай калган.

Келгендердин баары медициналык текшерүүлөрдөн өтүш үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, чет мамлекеттерде калган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери мындан ары да уланат. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргызстандыктарды алып келиш үчүн май айынын аягынан тартып апта сайын чартердик каттамдар уюштуруларын маалымдаган.

Жалпысынан быйыл февраль айынан бери чет мамлекеттерден келе албай калган он миңден ашуун кыргызстандыктар алынып келген. Учурда дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө сегиз миңге жакын кыргызстандык мекенине кайтууну көздөп турушканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG