Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Алайда Орусиядан сөөк жеткирип келген эки адамдан COVID-19 табылды


Алайдагы жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Алайдагы жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда Орусияда каза болгон маркумдун сөөгүн коштоп келген эки адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ал экөө тең ушу тапта ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» районундун акими Замир Молдокулов 26-майда кабарлады:

«Май ичи биздин районго Орусиядан беш жолу маркумдун сөөгү жеткирилген. Тартип боюнча сөөктү коштоп келген адамдар районго кире бериште текшерилип, обсервацияга алынат. Ошентип текшерүү учурунда сөөктү коштоп келгендердин ичинен эки адамдан вирус табылды, алар дарыланып жатат».

Акимдин маалыматына караганда, коронавирус илдети жалпысынан райондун үч тургунунан аныкталган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, жалпысынан Ош облусунан COVID-19 аныкталгандар 211 адамга жетти. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG