Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

ЖК комитети «кыргызстандык» макамын киргизүүнү кубаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 26-майдагы отурумунда «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, колдоп берди. Мыйзам долбоору чет өлкөнүн жарандыгын алган, теги кыргызстандык адамдардын укуктарын коргоого багытталган.

Долбоордун демилгечилери чет жактарда иштеп жүрүшкөн кыргызстандык мигранттар аргасыздан ошол жактын жарандыгын алганын белгилеп, «кыргызстандык» макамын киргизүүнү сунуш кылышууда. Ага ылайык, «мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик каттоо тармагында «кыргызстандык» макамын берүүчү мекеме иштейт, мындай макам ээлери өлкөгө визасыз эркин кирип-чыга алат, Кыргызстанда атайын уруксаты жок иштөөгө жана жашоого укуктуу болушат. Мекенине келгенден кийин беш күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат. Ошондой эле саясий жана шайлоо укугунан тышкары бул макамга ээ болгон жарандар бардык жерде кыргызстандык жарандар менен тең укукта болушат» деп айтылган.

«Кыргызстандык» макамы чектеш жайгашкан өлкөлөрдүн жана чет өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт. Мындан тышкары соттолгон, эркинен ажыратылган адамдар, Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишмердүүлүк менен алектенгендер, террористтик-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү да ал макамды ала алышпайт.

«Кыргызстандык» макамы берилген жарандарга «Мекен-карт» документи берилет.

Бул мыйзам долбоору жакынкы күндөрү парламенттин жалпы отурумуна чыгарылат.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын болжолдуу саны миллион адамдан ашат. Анын ичинен 50 миңге жакыны өзү жашап жүргөн өлкөнүн жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG