Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Жумалиевдин Жапыкеев боюнча доо арызы сотто карала баштады


Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сурөт.
Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сурөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча алгачкы сот отуруму болду.

Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Жапыкеевдин тарапкери Канат Хасанов «Азаттыкка» билдиргендей, анын жактоочусу доо арыз менен таанышып чыгыш үчүн убакыт сурагандыктан отурум 4-июнда уланмай болду.

«Биз тараптан бир, Жумалиев тараптан эки адвокат болду. Мыйзам боюнча доо арыздын бир көчүрмөсү бизге берилиши керек болчу, берилбеген соң аны карай албайбыз», - деди ал.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG