Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

COVID-19: ДССУ маляриянын дарысын сыноону убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту дарылоодо гидроксихлорохин менен хлорохинди колдонуу максатында жүргүзүлүп жаткан клиникалык сыноо убактылуу токтогонун билдирди. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус мындай чечим «Ланцет» медициналык журналындагы соңку макаладан кийин кабыл алынганын жазды. Ал макалада иликтеп-изилдөөдө бул дарылар COVID-19ду дарылоодо натыйжалуу эмес экенин көрсөткөнү, мындай дарыны ичкен адамдардын арасында ажал тапкандар көбүрөөк катталганы жазылган. Ошондой эле гидроксихлорохин башка ооруларды, тактап айтканда жүрөк аритмиясын козгой турганы да белгилүү болгон.

Окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн ооруканалардагы түмөндөгөн бейтаптарды дарылоо таржымалын талдап-иликтеп чыгышкан.

Орусия апрель айынын ортосунан бери бул дарыны коронавирус жугузуп алган бейтаптарды дарылоодо колдонуп келет. Буга чейин Кытай 68 миңдей куту гидроксихлорохин алганы айтылган.

Мындан бир канча күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун алдын алыш үчүн малярияга каршы дарыны ичип жатканын билдирген.

Соңку маалымат боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандар 5,5 миллион адамдан ашты жана илдеттен 346 миңден көп киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG