Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Якутиялык бакшы Габышев боюнча Европа сотуна арыз жиберилди


Александр Габышев Путинди тактан кетиргиси келген бакшы катары таанылган.
Александр Габышев Путинди тактан кетиргиси келген бакшы катары таанылган.

Якутиялык башкы Александр Габышевдин укугун коргоп жаткан юристтер Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышты. Бул тууралуу адвокат Ольга Тимофеева билдирди. Арызда Габышев Якутиядагы психоневрологиялык диспансерге күчтөп жаткырылганы, укуктары бузулганы айтылат.

Якутиялык бакшыны ушул айдын башында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен жана ал психиатриялык ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

52 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй былтыр март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

Габышев сентябрь айында Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» боюнча кылмыш иши козголгон. Якутиядагы полиция тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылганын билдирген. Бакшынын адвокаттары муну четке кагып, көз каранды эмес экпертиза жүргүзгөнү талап кылышкан.

Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмыш куугунтугун токтотууну талап кылган петиция да жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG