Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Агадилдин адвокаты абак кызматкерлери боюнча прокуратурага кайрылды


Агадил адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылып келген активист катары белгилүү болчу.
Агадил адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылып келген активист катары белгилүү болчу.

Казакстандын Нур-Султан шаарында полициянын тергөө абагында каза болгон жарандык активист Дулат Агадилдин адвокаты прокуратурага кайрылды. Галым Нурпеисов «Азаттыктын» казак кызматына тергөө абагынын кызматкерлерине «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу керек экенин айтты.

Дулат Агадил 24-февралда кармалган жана бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинде көк ала тактар байкалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирген.

Нур-Султан, Алматы, Чымкент, Актөбө, Атырау жана Орол шаарларында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылган жана Агадилдин тергөө абагында каза болгонун айыптаган акциялар өткөн. Митингге чыккан ондогон адамды полиция кармап кеткен.

43 жаштагы Дулат Агадил адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылган активист катары белгилүү болчу.

XS
SM
MD
LG