Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Масалиевдин ордуна Айдаров депутат болду


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулуп, мандаты алынды. Ал эми анын ордуна партиялык тизме боюнча талапкер Нургазы Айдаров депутаттык мандатка ээ болду. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда кабыл алынды.

Нургазы Айдаровго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын 21-майда жарыялаган. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG