Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

ОшМУ 80 жылдык мааракесин онлайн өткөрөт


ОшМУнун имараты.
ОшМУнун имараты.

Ош мамлекеттик университети быйылкы 80 жылдык мааракесин онлайн форматта өткөрүүгө камынып жатат. Университеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара 28-майга пландалууда.

Онлайн жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер аралыктан катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Орусиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат.

Мааракенин алкагында «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шартындагы билим берүү менен илимдин актуалдуу маселелери» деген темада эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция уюштурулат.

Майрамдык иш-чара концерт менен жыйынтыкталат.

ОшМУда 19 факультетте ​35 миң студент билим алат. Алардын ж​ети миңдейи чет өлкөлүктөр.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. Окуу жайларынын баары карантинге жабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG