Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Өзбекстанда тыңчылык боюнча шек саналган Сайфулин 12 жылга кесилди


Ренат Сайфулин.
Ренат Сайфулин.

Ташкентте сот Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймак аралык иликтөөлөр институтунун мурдагы директору Ренат Сайфулинди 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Фергана» маалымат агенттиги билдирди. Азырынча сот жараянынын чоо-жайы расмий айтыла элек. Ташкент соту Сайфулиндин ишин жабык карап жаткан жана ага «Орусиянын кызыкчылыгына мамлекеттик сырды ачкан» деген айып коюлган.

Бул иштин алкагында Улуттук коопсуздук кызматынын жана Коргоо министрлигинин он кызматкери өтүп жатканы, алардын катарында Куралдуу күчтөрдүн Биргелешкен штабынын башкармалыгынын жетекчиси Акбар Ярбабаев бар экени белгилүү болгон.

«Азаттыкка» өзбек күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагы билдиргендей, айыпкерлерге былтыр Өзбекстанда «Патриот» гезитинин кабарчысы, эс алуудагы подполковник Владимир Калошинге тагылгандай кине коюлган. Ал да «мамлекеттик сырды ачкан» деп айыпталган.

Айыпталгандардын жакындары соттолуп жаткандар «аналитикалык корутунду гана даярдашканын, эч кандай жашыруун маалымат жана документ жок экенин» айтышкан.

Ренат Сайфулин советтик доордо Мамлекеттик коопсуздук комитетинде - КГБда иштеген. Өзбекстан эгемендикке ээ болгон соң аналитикалык иш менен алектенип, Коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятовдун жакын адамы болгон.

XS
SM
MD
LG