Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Москвадан 450 адам Бишкекке жеткирилди


Москвадан учуп келгендер. 26-май, 2020-жыл.
Москвадан учуп келгендер. 26-май, 2020-жыл.

Кыргызстан Орусиядан балдары менен дагы 393 жаранын алып келди. Жалпысынан 450 адам келгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлап, 26-майда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва - Бишкек» каттамы жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түздү. Комиссиянын курамында Москвадагы диаспоранын, ошол жакта иштеген кыргызстандык дарыгерлердин жана элчиликтин өкүлдөрү кирген.

Орусиядан кайтууну каалагандар көп болгондуктан тизмеге кош бойлуу келиндер, майда балдары барлар жана мурда учакка билет сатып алып, карантинден улам уча албай жүргөндөр киргени айтылды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу чек аралар жабылгандыктан авиакаттамдар токтогон. Тышкы иштер министрлиги дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсүндө сегиз миңдей кыргыз жараны мекенине кайтууга жардам сурап жатканын, алардын көбү Орусияда экенин 12-майда билдирген.

Өкмөт эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде алар үчүн чартердик каттамдарды уюштурууда. Келгендер дароо обсервацияга алынып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG