Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

«Онлайн университет» жаш изилдөөчүлөр үчүн окутуу уюштурат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык жаш илимпоздор үчүн «Изилдөөнүн теориялык пайдубалын түзүү» аттуу вебинар өтөт. Иш-чараны «Онлайн университет» платформасынын Изилдөө лабораториясы уюштурууда.

Изилдөөдө адабиятты издөө ыкмалары, андагы «боштуктарды» табуу (gap in literature), иреттөө куралдары (zotero, mendeley ж.б.) туурасында кеңири маалымат берилет. Ошону менен катар «теория деген эмне жана аны кайдан табыш керек» деген маселе талкууланат. Илимий иште теорияны колдонуу усулдары, топтолгон маалыматтын негизинде теорияны жактоо, сындоо жана кеңейтүү туурасында сөз болот.

Спикерлер - Германиянын Түбинген университетинин антропология программасынын докторанты жана окутуучусу Гүлзат Баялиева менен ушул эле окуу жайынын антропология кафедрасынын аспиранты Айбек Самаков.

Баялиева Шамалды-Сай шаарчасынын мисалында постиндустриалдык шаарлардын тарыхын жана жергиликтүү калктын айлана-чөйрөгө мамилесин, ал эми Самаков Сыр-Дарыя суусунун төмөн агымында отурукташкан элдин айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө көнүү ыкмаларын изилдеп келишет.

«Онлайн университеттин» изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө «Web of Science», «Scopus» сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG