Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадды өткөрүүгө даярдык көрүүнү тапшырды жана парад 24-июнда өтөрүн билдирди.
Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү менен Аскер-деңиз флотунун парады 26-июлда өтүшү керек экенин, эгер эпидемия коркунучу сактала турган болсо жүрүштү дагы бир айга жылдырса болорун айтты.
Москванын Кызыл Аянтында 1945-жылы 24-июнунда Жеңишке арналган тарыхый парад өткөн жана ага маршал Георгий Жуков катышкан.
Быйыл орус бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдык мааракесин ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын жана Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.
Орусияда коронавирус 362 миңден ашык адамга жукту, илдеттен 3800дөн көп киши көз жумду.