Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Коронавирус дагы 52 адамдан жаңы аныкталды, 28 бейтап айыгып чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Нарын облусунда -17 адам. Мындан тышкары Бишкекте тогуз, Ош шаарында жети, Жалал-Абад жана Чүй облустарында үчтөн адам, Ош облусунда экөө жана Баткен облусунда бирөө.

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан мигранттар арасынан бир суткада дагы сегиз адамдан, бул өлкөнүн аскердик окуу жайларынын курсанттары арасынан экөөнөн коронавирус табылды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG