Мындай протоколго Кыргызстандын Энергетика, өнөр жайы жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов менен Казакстандын экология, геология жана минералдык ресурстар боюнча вице-министри Ерлан Нысанбаев кол коюшту.
Ага ылайык, Кыргызстан сентябрь айынан жылдын аягына чейин Казакстандан электр энергиясын 1 кВт-саатын 2,4 центтен сатып алат. Жалпы суммасы 12 млн. доллар болот.
Бул Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында жыл сайын жүргүзүлүп келет.
Маалыматта: «2020-жылы Нарын дарыясындагы суунун аздыгынан улам, 2020-жылкы сугат убагында Токтогул суу сактагычына суу жылдагыдан аз топтолушу күтүлүүдө. Бул өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылууда суунун тартыштыгына алып келиши ыктымал. Ал өз кезегинде элди электр энергиясы менен камсыздоону чектөө зарылчылыгын жаратышы мүмкүн» деп жазылган.
«Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, 27-майга карата Токтогул суу сактагычында 11,9 млрд. куб метр суу бар. Токтогулдагы суунун көлөмү былтыр 13,5 млрд. куб метр болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 15,2 млрд. куб метрди түзгөн. (ZKo)