Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат


Мамлекеттик тарых музейинен алынган мумияны жерге көмүү учуру. Баткен. 14-октябрь, 2017-жыл.
Мамлекеттик тарых музейинен алынган мумияны жерге көмүү учуру. Баткен. 14-октябрь, 2017-жыл.

Музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңеште депутат Айнуру Алтыбаеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Улуттук тарых музейинен, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинен жоголгон экспонаттарды издеп-иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Тилекке каршы, азырынча натыйжасыз, - деди ал. - Тарых музейинен жоголгон айрым экспонаттар дүйнөлүк биржаларда сатылганы тууралуу маалыматтарды да угуп калып жатабыз. Ал эми Гапар Айтиев музейинен жоголгон эки сүрөттүн түп нускасы табылган жок, анын жоголушуна тиешеси бар адамдардан төлөтүп алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда бардык музейлердеги экспонаттарды электрондук каталогго киргизип жатабыз. Антпесек музейдин деректири айрым кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, экспонаттардын жоголушуна жол беришкенин көрдүк».

Азамат Жаманкулов ошондой эле бир нече жыл мурун Мамлекеттик тарых музейинен чыгарылып, жерге көмүлгөн мумияны кайтарып келүүгө мүмкүн болбогонун, ал кайрадан казылып алынбаганын маалымдады.

2017-жылы Улуттук тарых музейиндеги баалуу тарыхый экспонат болуп эсептелген, Баткенде табылган мумияны коомдук активисттер алып кетип, мумия Баткендин Кара-Булак кыштагындагы Мактым-Гөргө көмүлгөн. Бул окуядан соң музейдеги экспонаттардын сакталуу деңгээли кескин сынга кабылган. Илимий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү азыркы убакка чейин мумияны кайра музейге кайтарууну талап кылып келишет.

2019-жылы июлда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги баалуу эки сүрөт жасалма экени аныкталган. Музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеген комиссия музейдин директору Юристанбек Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Көп өтпөй Шыгаев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG