Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Финчалгын кызматы былтыр мамлекетке 6,5 млрд. сом кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштен 2019-жылы 6,5 млрд. сом мамлекетке кайтарылган. Бул бажы менен салыктан түшүрүлгөн акча. Мындан тышкары 175 млн. сом мамлекеттик бюджетке түшүрүлгөн. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анарбаев ошондой эле былтыр террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү 200дөй ишти күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергенин билдирип, бирок сотко чейин жеткени тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалады.

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеш «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG