Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Телекөрсөтүү менен радиоуктурууга байланыштуу мыйзам долбоору сынга кабылды


Кыргызстан DVB-T2 санарип агымын тандап алган.
Кыргызстан DVB-T2 санарип агымын тандап алган.

КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна Орусиянын 1-каналы менен РТР каналы кирип калганына нааразылыгын билдирип, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылды. Депутаттын айтымында, Орусиянын эки каналын алып бергени үчүн бюджеттен акча төлөнөт.

«Биз бул эки каналга мультиплекстен акысыз орун бергенбиз. Андан тышкары 2023-жылга чейинки берүүлөрү үчүн алдын-ала элдин акчасын төлөп берип жатабыз. Алардын контентин карагыла, Соловьев отуруп алып, Кыргызстанды шыбап атат. Биз ага бул үчүн акча төлөп берип жатабыз. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун четке кагышыбыз керек».

Анын сунушун «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев колдоп чыкты. Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш добуш берүүгө коюлду. Бирок өткөн жок.

Аягында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

Маданият, маалымат жана туризм министринин маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар.

Кыргызстан санарип телекөрсөтүүгө 2016-жылы өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG