Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Венесуэлага Ирандан күйүүчү май ташыган экинчи кеме жетти


Ирандан күйүүчү май ташып келген алгачкы кеме Венесуэлага 25-майда жеткен.
Ирандан күйүүчү май ташып келген алгачкы кеме Венесуэлага 25-майда жеткен.

Венесуэланын мунай боюнча министри Тарек Эл-Айсамми «Твиттердеги» баракчасына экинчи танкердин портто токтоп турганы тартылган сүрөтүн жарыялады. Бул маалыматты кемелердин кыймыл-аракеттерине көз салган «MarineTraffic» сайты да тастыктады.

Иран Венсуэлага күйүүчү май жүктөлгөн беш кеме жөнөткөн жана алардын эң алгачкысы бул өлкөгө 25-майда жеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттары кемелерде жалпысынан 1,5 миллион баррел күйүүчү май бар экенин жазышкан.

Түштүк Америкадагы бул мамлекетте мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аз гана бөлүгү иштеп жаткандыктан, күйүүчү майга муктаждык күчөгөн. Мамлекетке Кошмо Штаттар санкция киргизип салгандыктан, ал башка жактардан жардам ала албайт. Өзү да АКШнын кара тизмесинде экенине карабай мындай жардам көрсөтүүгө Иран гана батынган.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро расмий Тегеранга ыраазычылык билдирген.

Вашингтон эки мамлекеттин мунай боюнча кызматташтыгын сынга алган жана Иран менен Венесуэлага каршы жаңы санкцияларды киргизерин эскерткен.

Буга чейин АКШ Мадуро, Эл-Айсамми баштаган Венсуэланын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн «баңгизат соодасына катыштыгы бар» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG