Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Кыргызстанда дээрлик токтоп калган кызамык оорусу кайрадан катталып жатат


Кызамыкка чалдыккан ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызамыкка чалдыккан ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дээрлик токтоп калган кызамык оорусу кайрадан катталып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги 27-майда тараткан маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери бул кооптуу жугуштуу илдет менен 717 адам катталды. Алардын көбү Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында жашайт.

Ооруга чалдыккандардын жарымынан көбү - 52% бир жашка чейинки курактагы балдар болгондуктан эмдөө ала элек. 14% ата-энеси эмдетүүдөн баш тартып койгон, 5% ашууну ден соолугуна байланыштуу вакцина албай калган. 2% жакыны эмгек мигранттарынын балдары.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын июнь айында бул илдет Кыргызстанда токтогон болчу. Жыл башынан бери 2347 бейтап катталып, июнь айынан тартып бир да учур байкалган эмес. Бирок декабрда ата-энеси Казакстанда эмгек мигранты болуп жүргөн эки баладан оору табылган.

Быйыл коронавирус илдетине байланыштуу карантинден улам эмдөө иштери убактылуу токтоп, 26-майда кайра уланды.

Дарыгерлер кызамык тез жуга турган оор илдет экенин эскертип, ата-энелерди балдарын эмдетүүгө чакырды.

Эмдөө аракеттеринен улам Кыргызстан 1993-жылдан бери полиомиелит оорусу жок өлкө деп аталып келет. Ошондой эле кептөөр, селейме (столбняк), ымыркайлардын кургак учук менингити, В гепатити деген оорулар катталбайт.

Кыргызстандын Эмдөө боюнча улуттук календарына ылайык, кызамыкка каршы вакцина балага бир жана алты жашында сайылганда организминде бул илдетке иммунитет калыптанат. (RK)

XS
SM
MD
LG