Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

«Твиттер» Трамптын билдирүүлөрү так эмес экенин белгилей баштады


Дональд Трамп «Твиттерди» көп колдонот жана бир топ маанилүү, чуулгандуу билдирүүлөрдү ушул социалдык тармак аркылуу жасайт.

«Твиттер» социалдык тармагы АКШнын президенти Дональд Трамп жазган билдирүүлөр так эмес экенин эскерткен белги коё баштады. Шейшембиде Трамп почта аркылуу добуш берүүнү сындап, бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келет деген мазмундагы эки твит жазган. Бул билдирүүлөрдүн этегинде «Почта менен добуш берүү тууралуу фактыларды билип алгыла» деген өзүнчө жазуу чыккан. Ал шилтемени басканда Трамптын мындай тыянагы негизсиз экени жазылган.

Трамп «Твиттерди» «президенттик шайлоо өнөктүктүгүнө кийлигишип, сөз эркиндигин чектеп жатат» деп айыптады жана буга жол бербей турганын эскертти.

«Твиттер» мындай кадамга Трамптын жалган, негизсиз маалымат таратып жатканы тууралуу аны сындагандардын бир канча жолку чакырыгынан улам барган. Буга чейин аталган социалдык тармак ар бир колдонуучу өз пикирин эркин айтууга укугу бар экенин, Трамп «Твиттердин» эрежесин бузбаганын жүйө кылып келген болчу.

«Твиттер» жалган маалымат таратууга каршы саясатын ушул айдын башында өзгөрткөн.

Трамп «Твиттерди» көп колдонот жана бир топ маанилүү, чуулгандуу билдирүүлөрдү ушул социалдык тармак аркылуу жасайт.

XS
SM
MD
LG