Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Ысык-Көлдө карантин талабын бузган үч адам обсервацияга алынды


Санкт-Петербург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик каттам. «Манас» аэропорту. Бишкек шаары. 16-май, 2020-жыл.
Санкт-Петербург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик каттам. «Манас» аэропорту. Бишкек шаары. 16-май, 2020-жыл.

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежелерин бузган үч адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 27-майдагы брифингде билдирди. Анын айтмында алардын баары Орусиядан жакында келген.

«Соль-Илецкиден келген 26 жаштагы жаран 19-майда үй карантинине алынган. Бирок 22-24-май күндөрү үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган. Ал эми жакында эле Москвадан келген 27 жаштагы жаран 22-майда үй карантинине алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн. Үчүнчүсү - Санкт-Петербургдан келген 25 жаштагы жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген. Карантин шарттарын бузган булар обсервацияга жаткырылды».

Министрдин орун басары маалымдагандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта жалпы өлкө боюнча үй карантининде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт.

Алардын ичинен 98 жаран Тартип бузуу, Жоруктар жана Жазык кодексине ылайык карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 44 жаран 129 000 сом айыпка жыгылган. Калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Медициналык алгоритм боюнча, чет мамлекеттерден келген жарандар ПЧР диагностикасына анализ тапшыргандан кийин үч күн бою карантинде болушат.

Эгерде анализдин жыйынтыгы таза чыкса, ооруган адамдар менен байланышта болбосо, бардык эреже-талаптарды сактоого милдеттендирилип, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлигинин обсервациясына жайгаштырылат.

Кокус анализдин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга жиберилет. Ал эми вирус жуккан адамдар менен байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG