Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Чувашиянын мурунку башчысы Путинди сотко берди


Владимир Путин менен Михаил Игнатьев.
Владимир Путин менен Михаил Игнатьев.

Орусиянын Жогорку соту Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьевдин президент Владимир Путиндин аны кызматтан алуу тууралуу буйругун жокко чыгаруу боюнча доо арызын карайт.

Аталган соттун басма сөз кызматы арыз кабыл алынганын бышыктады жана алгачкы сот жараяны 30-июнга белгиленди.

58 жаштагы Игнатьев Чувашиянын башчысы болуп 2010-жылы ошол кездеги президент Дмитрий Медведевдин буйругу менен дайындалган. 2015-жылы жайында өз эрки менен кызматтан кеткен жана күзүндө шайлоодо 65% ашуун добуш алып кайра шайланган. Оппозиция добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

Путин быйыл жыл башында Игнатьевди «ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алган. Анын алдында Игнатьевдин аты аталган чуулуу окуялар катталган. Ал Чебоксарыда басма сөз күнүнө арналган жыйында бийликти сындаган журналисттер менен блогерлердин «таш-талканын чыгарууга» үндөгөн. Андан кийин Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычын аларды ит сымал секиртип берген жана бул кызуу талкуу жараткан.

Бул окуялардан кийин Игнатьев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын катарынан чыгарылган. Аталган партия ушул айда Мамлекеттик Думага жарандарды келекелеген аткаминерлерди жоопко тартуу жобосу камтылган мыйзам долбоорун киргизген.

XS
SM
MD
LG