Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Орусияда COVID-19 жугузгандар эки күндөн бери азая баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 8338 миң адамдан табылды жана ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 370 миңден ашты. Өткөн апталарда бир канча күн катары менен бир сутка ичинде илдетке кабылгандар он миң кишиден ашып жаткан болчу.

Акыркы бир күндө коронавирустан 161 бейтап көз жумду, ошентип каза болгондор баш-аягы төрт миң кишиге чукулдап калды.

Өлкө бийлиги жалпысынан 9,4 миллион тест алынганын, соңку бир күндө 255 миң анализ текшерилгенин маалымдады.

Коронавируска байланыштуу расмий статистика «так, толук эмес» деп сынга кабылып келет. Бийлик муну жокко чыгарат.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги өпкөнү сезгенткен оорудан көз жумган медицина кызматкерлеринин саны тууралуу биринчи жолу маалымат берген жана ал тизмеде 101 адамдын аты-жөнү болгон.

«Медиазона» басылмасы өз иликтөөсүнө таянып, Орусияда көз жумган медицина кызматкерлеринин саны 200гө жакын экенин жазган.

XS
SM
MD
LG