Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

ИИМ: Бишкекте өткөрмө кагаздары боюнча иликтөө жүрүп жатат, Алмамбетова суракка чакырылган эмес


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзгөчө абал учурундагы өткөрмө кагаздары боюнча күбө катары да, катышуучу катары да милицияга суракка чакырылган эмес. Бул тууралуу 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин комендатурасы берген өткөрмө кагаздарына байланыштуу фактылар боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

«29-апрелде жогорудагы сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү тууралуу атайын кат жиберилген. Сотко чейинки териштирүүдө Алмамбетова күбө же башка катышуучу болуп эсептелбейт».

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте 10-майга чейин өзгөчө абал жарыяланып, комендатура түзүлгөн, түнкүсүн коменданттык саат болуп жатты. Ишкана-мекемелер жабылып, адамдардын жана транспорттун жүрүшүнө чектөө киргизилген. Өткөрмө кагаздарын комендатура берип жаткан.

25-майда айрым интернет-басылмалар милиция Алмамбетовадан отчёт сурап жатканын жазып чыгышкан. Ошол эле күнү социалдык түйүндөрдө өзгөчө абал киргизилген алгачкы күндөрү медицина кызматкерлеринин ишине барып-келишине жардам берген ыктыярчылардын Алмамбетованы коргогон кайрылуусу жарыяланды.

Алмамбетова өзү «Азаттыкка» маалымат берип, мэрияга «текшерүү жүрүп жатат» деген кат келгени ырас экенин айткан. Өзгөчө абал шартында иштөө бир топ кыйынчылыктар менен коштолгонун, ошол учурда биринчи кезекте авариялык кызматтардын ишин тоскоолдуксуз уюштуруу маанилүү болгонун белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG