Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Гонконгдо нааразылык акциялары токтой элек


Полиция демонстранттарга каршы калемпир аралашкан газ колдонду.
Полиция демонстранттарга каршы калемпир аралашкан газ колдонду.

Шаршембиде Гонконгдун ар кайсы жеринде кайрадан нааразылык акциялары болду. Көчөгө чыккандар бул жолу Кытайдын улуттук гимнине акаарат келтирүүнү кылмышка теңеген мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Түшкө карай бери дегенде 17 киши, арасында эки өспүрүм кармалганы кабарланды. Полиция демонстранттарга каршы калемпир аралашкан газ колдонду.

Мыйзам долбоорунда өзгөчө статустагы аймактын мектептеринде Кытайдын улуттук гимнин жаттоо милдеттүү болуш керек экендиги айтылган. Бардык адамдар жана уюмдар ыңгайлуу учурларда гимнди аткарууга тийиш деген талап коюлган.

Документ жактырылса, гимнди мазактоо же кыянат пайдалануу үчүн айыптуулар үч жылга чейин эркинен ажыратылат же алты миң долларга чейин айыпка жыгылат.

Шаардын мыйзам чыгаруучу органы долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алса, июнда добушка коюлушу мүмкүн. Бээжин ушул тапта Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамды кабыл алууга кам көрүүдө. Ал долбоор да карантин чараларына карабай шаарда нааразылык акцияларына алып келди.

XS
SM
MD
LG