Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Алматы шаарынын жака-белинде ак илбирстер пайда болду


Үч илбирс атайын аспап менен жабдылган камерага түшүп калган.
Үч илбирс атайын аспап менен жабдылган камерага түшүп калган.

Казакстандагы карантин маалында Алматы шаарынын жака-белинде Кызыл китепке киргизилген ак илбирстер пайда болду. Жаныбарларды коргоочулар бери дегенде үч илбирсти атайын аспап менен жабдылган камерага тартып алышкан.

Алматынын чөң көлү жайгашкан ал аймак адатта жөө сейилдегенди жакшы көргөн шаардыктарга толуп калат. Азыр болсо туристтер үчүн жабык турат.

Зоологдор бул көрүнүш ак илбирстер жалаң бийик тоолорду байырлашат деген мифти төгүндөйт жана адам баласы жаныбарлардын табигый айлана-чөйрөсүн бузуп жатканын далилдейт деп эсептешет.

«Табиятты коргогон коомчулук үчүн кырдаалды жакшы жагына өзгөртүү, урбанизация процессинде фаунанын кызыкчылыктарын эске алуу, ак илбирстерди, уникалдуу экосистеманы сактап калыш үчүн жаңы ыкмаларды сунуш кылууга жакшы өбөлгө түзүлдү», -деди жаныбарлардын коргоочу Алексей Гречев.

Жапайы жаратылышты коргоочулар жаныбарлардын жок болуп бараткан бул түрүн коргоого кошумча чара көрүүгө үндөшөт. Адистер дүйнө жүзүндө 10 минге жетпеген ак илбирс калганын айтышууда.

Казакстанда бул сейрек жаныбардын саны 150гө, Кыргызстанда 300-500гө жетет.

XS
SM
MD
LG