«Урал аба жолдору» компаниясынын чартердик каттамы бул жолу Орусиянын Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын Ош шаарына уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, бул каттам менен оорулуу адамдар, кош бойлуу келиндер жана жаш балалуу, улгайган жүргүнчүлөр мекенине кайтып келет.
Алардын тизмеси Урал аймагындагы кыргызстандык диаспоралардын көмөгү менен түзүлүүдө. Мындан тышкары аталган аба компаниясынын Екатеринбург-Ош багытындагы каттамына мурда билет алып, уча албай калган жүргүнчүлөр да отургузулат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Орусиянын Урал аймагында мекенине кайтууну көздөгөн 600дон ашуун кыргызстандык бар.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу чек аралар жабылгандыктан авиакаттамдар токтогон. Тышкы иштер министрлиги дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсүндө сегиз миңдей кыргыз жараны мекенине кайтууга жардам сурап жатканын, алардын көбү Орусияда экенин 12-майда билдирген.
Өкмөт эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде алар үчүн чартердик каттамдарды уюштурууда. Келгендер дароо обсервацияга алынып жатат.
26-майда Москва-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 450 кыргызстандык алынып келген. (ZKo)