Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду


Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын биринде өзүн бензин чачып өрттөгөн 24 жаштагы жигит ооруканада жатып каза болду. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлбарчын Рахманова «Азаттыкка» жабырлануучу ооруканага 98% денесине күйүк алып түшкөнүн билдирди:

«Бейтаптын денесинин баары кара болуп күйүп калган, ооруканада жатканда араң дем алып жаткан болчу. 26-майда денесине алган күйүктөн улам каза болду. Аны менен бирге түшкөн 40 жаштагы эркек кишинин денесинин 40% күйүп, учурда абалы орточо».

Маалыматтарга ылайык Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 24 жаштагы тургуну суйлөшкөн кызын ата-энеси бербей койгон соң ушундай кадамга барган. Анткени Сузак районундагы 15 жаштагы кыздын ата-энеси анын жаш экенин эске алып, турмуш курушуна макул болгон эмес. Өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан экинчи киши маркум жигит үйлөнгүсү келген кыздын атасы экендиги айтылат.

Окуяны Сузак райондук милициясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу» катары каттап, териштирүү иштери жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG