Тажикстанда Дин жана каада-салтты тартипке салуу комитети коронавирус пандемиясынан улам үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды. Мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким «Азаттыктын» тажик кызматына орозо бүткөндөн бери жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган жарандар көп болуп жатканын, бирок эпидемиологиялык абал жөнгө салынмайынча макулдук берилбей турганын айтты.
Мындай тыюу канчага чейин созулары азырынча белгисиз.
Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда жыл сайын 80 миңден ашык нике катталат жана ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт.
Тажикстанда карантин чаралары жумшара элек. Өлкө бийлиги узак убакыт бою өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин моюнга албай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.
Тажикстанда расмий маалымат боюнча, коронавирус жугузуп алгандардын саны үч миң адамдан ашты, илдеттен 46 бейтап көз жумду. Айрым жарандык активисттер ооруга кабылган жана андан көз жумган жарандар мындан көп экенин айтышууда.