Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки көчөгө эки акындын аттары коюлду


Зайырбек Ажыматов Элмирбек Иманалиев менен сахнада. (архив)
Зайырбек Ажыматов Элмирбек Иманалиев менен сахнада. (архив)

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки көчөгө жакында эле көзү өткөн акындар – Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» акын Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым Самаган билдирди. Мындай чечим Новопавловка айылдык кеңешинин отурумунда кабыл алынганын жергиликтүү кеңештин депутаттары акындын үй-бүлөсүнө кабарлашкан.

Көчөгө акындардын ысымдарын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу жөрөлгө жакынкы күндөрү болору күтүлүүдө.

Төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Андан көп өтпөй, 29-апрель күнү, дагы бир акын, бир нече ыр жыйнактарынын автору, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов көз жумду. Экөөнүн тең сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG