Бишкек шаарында 1-июндан баштап 1-июлга чейин ысык суу токтотулат. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, мындай чечим ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн кабыл алынды.
Ошол эле кезде Бишкектеги фонтандар 1-июндан тартып иштей баштайт. (BTo)