Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

COVID-19: Тоолуу-Бадахшанга каттам чектелди, аким ооруканада жатат


Тоолуу-Бадахшан.
Тоолуу-Бадахшан.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун бийлиги коронавирус пандемиясынан улам бул аймакка келген-кеткендерге убактылуу чектөө киргизди. Облустук администрациянын басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков Хорогго мындан ары саламаттык сактоо жана облустук акимчиликтин кызматкерлери гана кире аларын айтты.

Буга удаа эле облустун башчысы Ёдгор Файзов коронавирус жугузуп алып, Хорогдогу ооруканалардын бирине жаткырылганы белгилүү болду.

Тоолуу-Бадахшанда канча адам COVID-19га кабылганы так белгисиз, тажик өкмөтү буга байланыштуу маалымат бербей жүрөт.

Тажикстанда карантин чаралары жумшара элек. Өлкө бийлиги узак убакыт бою өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин моюнга албай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.

Тажикстанда расмий маалымат боюнча, коронавирус жугузуп алгандардын саны үч миң адамдан ашты, илдеттен 46 бейтап көз жумду. Айрым жарандык активисттер ооруга кабылган жана андан көз жумган жарандар мындан да көп экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG