Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

COVID-19: Тажикстанда ЖОЖдорго документ тапшыруунун тартиби өзгөргөн жок


Тажикстан. Тест тапшыруу учуру.
Тажикстан. Тест тапшыруу учуру.

Тажикстанда COVID-19 пандемиясына карабастан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына документ тапшыруунун тартиби өзгөргөн жок. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук тестирлөө борбору билдирди.

Борбордун директорунун орун басары Шодиниё Абдулбоситтин айтымында, абитуриенттер ЖОЖдорго тапшыруу сынактарына адаттагыдай эле 1-июлдан 7-июлга чейин катышса болот.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектептерде бүтүрүү сынактары 15-июндан 24-июнга чейин өтөрүн билдирген. Мекеме бул сынактарга катышпаган бүтүрүүчүлөргө аттестат берилбей турганын эскерткен.

Тажикстандын бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин моюнга албай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясынын сапарына бир күн калганда 15 учур катталганын маалымдаган.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны үч миң адамдан ашты, илдеттен 46 бейтап көз жумду. Айрым жарандык активисттер ооруга кабылган жана андан көз жумган жарандар мындан да көп экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG