Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Рамзан Кадыров куландан соо экенин айтты


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ден соолугу жакшы экенин жана Орозо айт майрамын үйүндө изоляцияда өткөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал «Инстаграмда» жардамчысы Ахмед Дудаев менен маектешүүсүндө билдирди. Орозо айт майрамына чейин Рамзан Кадыровго коронавирус жугуп Москвада ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматтар тараган.

«Коронавирус дүйнөдө миллиондогон адамга жугуп, түмөндөгөн киши өлдү. Мен ооруганга акым жокпу? Адам эмесминби? Азыр куландан соомун», - деди Кадыров.

Өткөн аптада «Интерфакс» жана РИА «Новости» агенттиктери медициналык мекемелердеги өз булактарына таянып, 43 жаштагы Кадыров Москвадагы клиникалардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканын кабарлашкан. «База» деп аталган «Telegram» канал Кадыровдон коронавирустун белгилери байкалган соң 21-майда атайын учак менен «Москвадагы эң мыкты клиникалардын бирине жеткирилгенин» жазган.

Буга чейин Кадыров ден соолугу тууралуу комментарий бере элек болчу. Чеченстандын бийлиги болсо Кадыров Грозныйда экенин, ден соолугу жайында экенин билдирген. Ал эми «МБХ медиа» порталы Чеченстандын башчысы жеке учагы менен 25-майда Москвадан Грозныйга учуп келгенин жазды.

Соңку маалыматтар боюнча, Чеченстанда COVID-19 илдети 1133 кишиге жугуп, илдеттен 13 адам каза болду. Республикада Орусиянын аймактарынын ичинен эң катаал карантин эрежелери киргизилген.

XS
SM
MD
LG