Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн. доллар алат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан сырттан 462 млн. доллар алат. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фондунан эки баскыч менен болжолдуу 242 млн. доллар (241 948 003 ) насыя акча келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкынан үч баскыч менен алынуучу акчанын суммасы 120 млн. доллар алынат. Биринчи транш менен июнь айынын башында 50 млн. доллар келет, мунун жарымы гранттык негизде. Кийинки транш менен дагы 50 млн. доллар келет. 100 млн. доллар мамлекеттик бюджетти колдоого багытталат. Ал эми акыркы баскыч менен алынуучу 20 млн. доллар коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Ал эми Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн. 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы грант, теңи насыя. Бул акча саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алыш үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Булардан тышкары Евробиримдик билим берүү программасын жүзөгө ашырыш үчүн 15 млн. 300 миң евро бөлүп бермекчи. Ошондой эле санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн. евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн. 500 миң евро берилет. Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн. 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 млн. 352,5 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын 2020-жылкы бюджетинин киреше бөлүгүнө 30,8 млрд. сом жетпей турганы маалымдалган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG