Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жээнбеков: «Чек арачылар - мекендин калканы»


Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачылар менен. Сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык.

Эгемендик алгандан берки убакта 28-май Кыргызстанда Чек арачылардын күнү деп белгиленип келет. Буга байланыштуу 28-майда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Президент өз куттуктоосунда мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арадагы коопсуздугун сактап турган чек арачылар жалпы элдин сый-урматына татыктуу деп белгилеген.

«Мамлекеттик чек ара кызматы Мекендин бекем калканы, мамлекет аймагынын бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин, жарандардын коопсуздугунун кепилдиги бойдон кала берет. Мен чек арачылар мурдагы ардагерлердин атуулдукка, антка бекем туруудагы күжүрмөн салтын улантат деп бекем ишенем», деген президент чек арачыларга ийгиликтүү кызмат, бекем ден соолук жана жакшылык каалаган.

Эгемен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2002-жылы президент Аскар Акаевдин буйругу менен түзүлгөн. Андан кийин эки ирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына киргизилип, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Мамлекеттик чек ара кызматы болуп түзүлгөн. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG