Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Даниел Ажиевдин укугуна байланыштуу Акыйкатчы Биринчи май райондук сотуна кайрылды


Сүрөт Даниел Ажиевдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алдынды.
Сүрөт Даниел Ажиевдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алдынды.

Акыйкатчы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевге жиберген кайрылуусунда №1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиевдин бөгөт чарасын караган сотко кылмышка шектүүнүн өзүнүн катышпай калуунун себебин түшүндүрүп берүүнү сураган.

Акыйкатчы 20-май күнү жабык жайларды кыдырып жүрүп, сөгүнгөн видеосу Интернетке тарагандан кийин кармалып, камакка алынган Даниел Ажиев менен жолугушкан. Анда Ажиев Биринчи май райондук соту өзүнө карата сот отурумуна катыштырбай туруп камакта эки айга калтырганын билдирген. Ажиев туугандары анын сотко келбегенинен улам камакта атайылап таякталды деп бүшүркөп, саламаттыгына тынчсызданып жатышканын айткан.

Акыйкатчы институтутун маалыматына караганда, Даниел Ажиев №1 тергөө абагынын жетекчилигине дооматы жок экенин, абакта эч кандай зомбулукка туш болбогонун билдирген.

Биринчи май райондук соту Даниел Ажиевдин бөгөт чарасы качан каралганы жана сотко кылмышка шектүү эмне үчүн катышпагандыгы тууралуу маалымат бере элек.

Ажиев быйыл март айында кармалып, соттун чечими менен 26-майга чейин камакта калтырылган. Ички иштер министрлиги ал Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Ажиев «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун да Интернетке жайылткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG