Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт. Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-майга карата Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыккан.

Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсерватор ачылган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада Ош шаарында 35 адамдан коронавирус аныкталганын 28-майда брифингде кабарлаган. Жалпысынан Ош шаарында бул ооруга чалдыккандардын саны - 177 адам.

Жалпы өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган 1594 адамдын 6% жашы жетек элек балдар. Алардын ичинен 20га жакыны ымыркайлар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG