Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Токтоп турган завод-фабрикаларга инвестиция тартуу сунушталды


Чет жактан кайткан мигранттар. 26-май, 2020-жыл. Бишкек.
Чет жактан кайткан мигранттар. 26-май, 2020-жыл. Бишкек.

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында ар кандай маселелер талкууланган кезде «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков коронавируска байланыштуу Кыргызстанга кайтып жаткан мигранттарды иш менен камсыз кылуу боюнча маселе көтөрдү. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, өндүрүшү узак жылдардан бери токтоп турган ишканаларды кайра иштетиш керек деген оюн айтты:

«Кара-Балта жана Токмок шаарлары совет өкмөтүнүн убагында өндүрүшү жогору өнүккөн шаарлардын бири болчу. Бирок эгемендик алгандан бери ал шаарлардагы ири өндүрүш жайлары иштебей турат. Алардын баары өкмөттүн карамагында. Андыктан инвестиция тартуу менен ири завод-фабрикаларды иштетүү жагын колго алышыбыз керек».

Коронавирус пандемиясынан улам Орусияда, Түркияда жана башка мамлекеттерде жашап-иштеген кыргызстандык мигранттардын көбү жумушсуз калды. Ишсиз калгандар мекенине кайтып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG