Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Өз өмүрүнө кол салганы айтылган милиция кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-май күнү Бишкек-Ош жолундагы мейманканалардын биринен Чүй облусундагы жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 44 жаштагы кызматкеринин сөөгү табылган. Маркум башынан жаракат алган. Жанынан ага таандык табелдик тапанчасы алынган.

Баштапкы маалыматтарда милиционер өз өмүрүнө кол салганы, тагыраагы тапанчасынан атынып алганы кабарланды.

ИИМдин басма сөз кызматы учурда бул окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди. Министрликтин ички коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, маркум эки жыл мурун Кара-Балта шаарында 4,5 кг баңгизатка байланыштуу оор кылмышты иликтеп, ачканы үчүн мамлекеттик Ардак грамотасын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG