Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Нарында саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланды. Ошол эле буйруктун негизинде Алияскаров саламаттык сактоо боюнча облус координаторлугунан алынды. Мындан тышкары Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Айбек Койчуманов иштен бошотулду.

Койчумановдун ордуна директордун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов дайындалды.

Ал эми саламаттык сактоо боюнча облустук координатордун милдетин убактылуу аткаруу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага жүктөлдү.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб билдирди.

Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенин, буга жетекчилердин кош көңүл мамилеси негиз түзгөнүн белгилеген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 27-майда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Азизовго сөгүш жарыялаган. Мындан тышкары республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Муратбек Алияскаровду кызматтан бошотуу маселесин кароону сунуш кылган.

Жалпы Нарын облусунда коронавирус жуккан 310 адам катталган. Аймактагы көрсөткүч Ош, Жалал-Абад облустарына салыштырмалуу кыйла жогору. (ZKo)

XS
SM
MD
LG