Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Президент Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Бишкек, 2019-жылдын 28-марты.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Бишкек, 2019-жылдын 28-марты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадга катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин Орусиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

26-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад 24-июнда өтөрүн билдирген.

Быйыл орус бийлиги Жеңиш күнүн ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын, Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.

Илдеттин айынан Кыргызстанда да массалык иш-чаралар уюштурулган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG