Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган сайт иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштеп чыкты. Маалыматка караганда, аталган порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат.

Аны Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык аймактарында онлайн көрсө болот. Андан тышкары бала асырап алууну каалаган адам ошол эле портал аркылуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Багып алгысы келген бала менен жолугушуу үчүн жана аны асырап алуу боюнча электрондук түрдө уруксат алса болот.

Сөз болуп жаткан сайттын ачылышы 29-майда өтөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мындан эки ай мурун берген маалыматы боюнча, акыркы беш жылда Кыргызстанда 4241 бала асыроого берилген. Анын ичинен 91 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алышкан.

Бул боюнча толук маалыматты http://158.181.187.203:3000/main дарегинен алса болот.

Бала багып алгысы келгендер баланы асырап алуу процедурасы жеңил эмес экенин, бул үчүн толгон-токой документ топтоп жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат. (BTo)

XS
SM
MD
LG